• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Новиков Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Коом 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына улуу жазуучунун жубайы Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

«Айтматова Мария Урматовнанын дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ал залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун музасы, анын биринчи окурманы жана сынчысы болгон. Ал үйдүн кутунун сактоочусу болгон. Мария Урматовнанын туугандарына, жакындарына, кесиптештерине жалпы эле аны билгендерге чын жүрөгүмдөн көңүл айтам. Мария Айтматованын жана Чыңгыз Айтматовдун элеси түбөлүккө биздин жүрөгүбүздө сакталат», — деп белгиледи Новиков.

Пикир

Оставить комментарий