• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Новиков менен Кулматовго сөгүш жарыяланды

Өкмөт 0

Бишкек, 08.01.18 /Кабар/. Премьер-министр Сапар Исаков «ЕАЭБдин Бажы Кодекси тууралуу Келишимди ратификациялоо жөнүндө» Мыйзам долбоорун даярдоодо милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызмат адамдарына сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

«Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун даярдоодо тапшырылган милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызмат адамдарына сөгүш жана катуу сөгүш жарыяланды.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.

Буйрукка ылайык, сөгүш Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиковго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго жарыяланган.

Ал эми Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Баккелди Тюменбаевге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыяланды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бир катар кызматкерлери милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн кызматтан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий