• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Новиков кыргыз тили боюнча тесттен өттү

Коом 0

Бишкек, 22.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бүгүн “Кыргызтест” борборунун ачылышында КР экономика министри Артем Новиков Өкмөттүн жаңыланган курамынан биринчи болуп мамлекеттик тилден сынактан өттү.

Ал 100 баллдан 76 балл алганын комиссия мүчөлөрү билдиришти. Министр өзүнүн жыйынтыктарына канааттануу билдирип, бирок ушу менен токтоп калууга болбой турганын белгиледи.

“Суроолор кыйын деле болгон жок. Грамматика, сүйлөө жана оозеки коммуникация тапшырмалары болду. Мен өзүм тууралуу айта алышымча айтып бердим. Тестке даярдангам, грамматиканы окудум. Себеби, мага кыргыз тилинде эң оору ушул болуп сезилген”, -деди Новиков.

Министр экинчи А2 деңгээлин тапшырып, баштапкы баскыч үчүн анын көрсөткүчү жакшы болуп эсептелерин белгиледи. Тест ал эмнеге көңүл буруп, эмнени тереңдетип үйрөнүүсү керектигин көрсөттү.

“Мамлекеттик тилди үйрөнүү керек. Тил - бул улуттар аралык катнаштын негизги куралы жана аны билүү, үйрөнүү керек. Менимче, келечекте мамлекеттик тил Кыргызстандагы бардык улуттарды бириктирген элементке айланат”,-деп жыйынтыктады Новиков.

Сынакты ийгиликтүү тапшырган соң министр мекендештерин Мамлекеттик тилдин күнү менен кыргызча куттуктап: “Урматтуу мекендештер, Кыргыз тил майрамы менен куттуктайм!”, - деди.

Пикир

Оставить комментарий