• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Новиков министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Новиков Артем Эдуардович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон чечимге ылайык, Артем Новиков Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий