• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Новиков: Медикаменттердин запасынын көлөмү жана дарыканалардагы баалар тыкыр көзөмөлдөнүшү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 21.02.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо мекемелериндеги медикаменттердин запасынын көлөмү жана дарыканалардагы баалар тыкыр көзөмөлдөнүшү зарыл. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде билдирди.

«Акыркы күндөрү коронавирус инфекциясы менен ооругандардын динамикасынын начарлашы кооптонууну пайда кылууда. Ооруга чалдыккандардын саны оорудан сакайгандардын санынан жогору болууда. Бүгүнкү күндө абал туруктуу, бирок биз ар-кандай кырдаалга даяр турушубуз керек. Чүй облусунун Кемин жана Ысык-Ата райондорундагы абал кооптонууну пайда кылууда. Аймактардын, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери тарабынан жер-жерлердеги эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө күчтөндүрүлүшү керек. Мезгилдүү орун алуучу курч респиратордук вирустук инфекцияларга жана бактериялык пневмонияга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Өлкө боюнча саламаттык сактоо мекемелериндеги медикаменттердин запасынын көлөмү жана дарыканалардагы баалар үзгүлтүксүз негизде мониторингделип, тыкыр көзөмөлдөнүшү зарыл. Ар бир райондогу эпидемиологиялык абал өзгөчө көзөмөлдө болсун. Биз ар бир райондук ооруканадагы абалды контролдоп, оңдоо иштери жыйынтыкталган соң, кошумча инфекциялык бөлүмдөрдү ачабыз», - деди Артем Новиков.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тараптан даярдалган COVID-19 үчүнчү толкунуна даярдык көрүү боюнча план жер-жерлердеги реалдуу муктаждыктарды чагылдырбайт.

Анын айтымында, планды кайрадан иштеп чыгуу керек, анда өлкөнүн ар бир районундагы саламаттык сактоо уюмдарында 1-2 күн ичинде кошумча койко-фонд ачуу, суюк кычкылтек берүү тутумунун даярдыгын, кошумча медициналык кызматкерлерди тартууну, ошондой эле жаңы клиникалык дарылоо протоколуна ылайык дары-дамектердин тийиштүү запасын камсыздоо мүмкүнчүлүгү каралуусу зарыл.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдагандай, учурда аймактарда кошумча койко-фонддорду ачуу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Биринчи баскычта, планга ылайык, 3500 орун даярдалат, анын 500 ашуун оруну – интенсивдик терапия палатасында, дагы кошумча 3400гө жакын орун ачылат.

Штабдын кеңешмесинин жүрүшүндө белгиленгендей, Ош облусунда пневмониядан улам жаш балдардын массалык түрдө кайтыш болгондугу тууралуу ЖМКда пайда болгон маалымат чындыкка жатпайт.

Артем Новиков Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине үч күндүк мөөнөттө пневмониянын коронавирустук жана башка түрүн дифференциалдуу диагностикалоо боюнча клиникалык жетекчиликти иштеп чыгып, багыттоосун тапшырды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча ведомствого төмөнкүлөр тапшырылды:

- бир жумалык мөөнөттө Дары-дармек каражаттары жана медициналык жабдуулар менен камсыздандыруу департаменти менен биргеликте фармацевтикалык продукция жеткирүүчүлөр менен дары-дармектерди жана жеке коргонуу каражаттарын коронавирустук инфекцияны диагностикалоо жана дарылоо боюнча 4-клиникалык жетекчиликке ылайык үзгүлтүксүз ташып келүү планын толуктап иштеп чыгуусу, мында макулдашылган ташып келүү мөөнөтү бузулган учурда жоопкерчилик аныкталсын;

- коронавирустук инфекция боюнча түзүлүп жаткан эпидемиологиялык абал, ошондой эле башка оуттуу оорулар боюнча көзөмөлдү күчтөндүрүү;

- Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептерде сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияларга каршы ыктыярдуу вакцинациялоо боюнча малыматтык кампания жүргүзүүсү;

- Экономика жана финансы министрлиги менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө катталуучу окуялардын болжолдуу санын көрсөтүү менен өлкө аймагындагы коронавирустук инфекциянын үчүнчү толкунунун ыктымалдуу датасы боюнча маалымат киргизүүсү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө төмөнкүлөр тапшырылды:

- тийиштүү аймактардагы аптекалык тармактарда дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын запасы боюнча абалды үзгүлтүксүз негизде көзөмөлгө алуу жана андагы бааларга мониторинг жасоо;

- бир жумалык мөөнөттө республиканын мектептеринде жана балдар бакчаларындагы убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин сакталышы тууралуу маалымат берүү.

Пикир

Оставить комментарий