• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Новиков Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Россия Федерациясына болгон сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдардын бакубаттуулугун коргоо жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) жетекчиси, Россия Федерациясынын башкы санитардык дарыгери Анна Попова менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча эки өлкөнүн кызматташтыгынын негизги багыттары талкууланды.

«Оор мезгилде, коронавирус инфекциясы жайылып жаткан учурда өз убагында жардам көрсөткөндүгү үчүн Россия тарапка терең ыраазычылыгымды билдирем. Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны көп болуп жаткан маалда россиялык медицина кызматкерлеринин ролу өзгөчө маанилүү болду», - деп белгиледи Новиков.

Тараптар инфекцияны жуктургандардын жаңы учурлары көбөйүп жатканын белгилешип, буга байланыштуу Россиянын медицинасынын коронавируска каршы күрөшүү боюнча алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен Кыргыз Республикасына медициналык гуманитардык колдоо көрсөтүү маселеси талкууланды. Россия Федерациясы коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштүн алкагында жакынкы аралыкта 50 миң тест-системасын Кыргызстанга жөнөтүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий