• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Новиков Саламаттык сактоо жана соцөнүктүрүү министрлигинин жамаатына жетекчини тааныштырды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков борбордук аппараттын жамаатына жаңы дайындалган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Ал коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы туруу, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү тармагын санариптештирүү, калктын социалдык тейлөөгө карата жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча комплекстүү ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын COVID-19 биринчи толкуну учурундагы аныкталган кемчиликтерин жоюу боюнча ишти толук жыйынтыктоо маанилүү. Биздин медициналык кызматкерлер кыйын кырдаалда адам өмүрүн сактоо үчүн колдон келген аракетин жасашты. Мында катардагы дарыгерлерди жана медициналык персоналды жазалоо маселеси турбашы керек. Өткөндөн сабак алып, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралар планын бекитүү зарыл. Бул аспектини көңүлдөн тыш калтырууга болбойт. Урматтуу кесиптештер, биздин алдыбызда кардиналдуу реформаларды жүргүзүү үчүн көптөгөн иштер турат. Сиздердин аткарган иштин натыйжалуулугунан жарандарыбыздын жашоосунун жакшыруусу көзкаранды», - деди Артем Новиков жана министрликтин жетекчилигине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий