• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Новиков: Салык кызматы, Социалдык фонд жана Статистика комитети бирдиктүү электрондук отчеттук тутумга өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Фискалдаштыруунун экинчи этабын ишке ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салык кызматын салык төлөөчүлөр менен өз-ара аракеттешүүнүн сервистик моделине кайрадан форматташтырууну пландаштырууда. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «Кыргыз Республиканын 2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору жана «Кыргыз Республиканын 2021-жылга карата республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзам долбоору каралып жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

Премьер-министрдин м.а. белгилегендей, салыктарды башкарууну жөнөкөйлөштүрүү жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында ар-кыл автоматташтырылган аналитикалык тутумдарды киргизүү жана салык кызматынын жаңы маалыматтык тутумун түзүү пландаштырылууда.

«Салык кызматынын, Социалдык фонддун жана Улуттук статистикалык комитеттин отчетторун бириктирүү боюнча иштер жыйынтыкталат. Бирдиктүү электрондук отчет системасы болот», - деп кошумчалады Артем Новиков.

Андан соң товарларды импорттоонун жана экспорттоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн алкагында товарларды электрондук түрдө декларациялоо каралууда. Ал баалардын индикаторлорунун манипуляциясын алдын алууну жана бажынын бирдиктүү маалыматтык системасына интеграцияланышын шарттайт.

«Кыргыз Республикасына Евразиялык экономикалык бирлик өлкөлөрүнөн товарларды мыйзамсыз киргизүүгө бөгөт коюу максатында «Жыйынтык пост» автоматташтырылган маалыматтык тутуму ишке киргизилет», - деп кошумчалады премьер-министрдин м.а.

Пикир

Оставить комментарий