• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Новиков: Ташкент КР ишкерлери ӨР менен алакаларында колдонуусу үчүн 100 млн доллар бөлөт

Экономика 0

Бишкек, 15.12.17. /Кабар/. Кыргызстандын ишкерлери Өзбекстан менен алакаларын жакшыртууда колдонуусу үчүн Ташкент 100 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча Бишкекте журналисттер менен жолугушууда экономика министри Новиков билдирди.

Анын айтымында, соода-экономикалык багыт абдан позитивдүү өттү. Соода-экономикалык сессия өттү. Анда 350дөн ашуун КР жана ӨР ишкерлери катышышты.

Новиков белгилегендей, жолугушуунун жыйынтыктары боюнча кыргыз продукциясын Өзбекстанга ташуу боюнча экспорттук, ошондой эле импорттук келишимдер аныкталды.

Министр каржылык кызматташуу жөнүндө келишимде өзбек тарап каржылык-насыялык мекемелер багытында кыргыз каржы мекемелерине 100 млн доллар бөлө турганы каралганын түшүндүрдү. Анын айтымында, каражат өзбек товарларын импорттоо үчүн берилет.

«Насыялардын бардыгы каржы коммерциялык банктар тарабынан өтөт. Алар боюнча мамлекет эч кандай мамлекеттик кепилдик албайт. Бардык деталдары Кыргызстан менен Өзбекстандын насыя мекемелери ортосундагы өзүнчө макулдашуу менен иштелип чыгат», - деди ал.

Белгилей кетсек, 13-14-декабрь күндөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков расмий сапары менен Өзбекстанга барган.

Пикир

Оставить комментарий