• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Новиков: Тоо-кен компаниялары аймактагы кичи жана орто бизнести өнүктүрүүнүн локомотиви болушу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 08.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Талас облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө областтын, райондордун жана облустук мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай, кеңешменин жүрүшүндө Талас облусунун экономикалык өнүгүүсүнө өзгөчө басым жасалды.

«Тоо-кен компаниялары аймактагы кичи жана орто бизнести өнүктүрүүнүн локомотиви болушу керек. Алар продуктунун, жабдуулардын, материалдардын керектөөчүлөрү болуп саналат, аларды республиканын аймагында өндүрүүгө болот жана өндүрүү керек. Ошондо кандайдыр-бир деңгээлде импортту алмаштыруу маселеси чечилет», - деп белгиледи премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Артем Новиков жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган өкүлдөрүнүн тоо-кен ишканаларынын үзгүлтүксүз ишин жана коопсуздугун камсыздоодогу маанилүү ролун белгиледи.

«Сиздер тургундар менен активдүү диалог жүргүзүп, жергиликтүү тургундардын жумуштуулугун белгилүү деңгээлде камсыздоочу тоо-кен ишканаларынын ишине көмөк берүүңүздөр керек. Биз жалпыбыз түшүнүүбүз керек, кендердин иши мультипликативдик натыйжа берип, толук экономикалык кластер түзүлөт. Аймактарда курулуш, айыл чарба, мал чарба, жана башка тармактардын өнүгүүсү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Сырьелук базаны пайдалануу менен коңшу өлкөлөрдүн экспорттук рыногуна чыгуу аркылуу, өзгөчө, курулуш материалдарын өндүрүү, багбанчылык, сүт өндүрүү жаатындагы өндүрүштүк базаны түзүүгө жана аны өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет», - деди ал.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө район активдери менен биргеликте облустун экономикалык потенциалын өнүктүрүүнүн Жол картасын даярдоо тапшырылды, ал келечекте кендерди өнүктүрүү фонддору жана ар кыл мамлекеттик программалар аркылуу каржылоо булактары менен бекемделет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүү, аймактагы туруктуу эпидемиологиялык абалды сактоо, экономикалык инфраструктураны өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү маселесине өзгөчө басым жасады.

«Алдыда чоң саясий иш-чара – шайлоо турат. Жарандарыбыз өлкөнүн келечеги алардын жеке тандоосунан, бул процесске катышуусунан көзкаранды экендигин түшүнүүсү керек. Эң негизгиси шайлоого барып, добуш берүү керек, ал аркылуу өлкө өнүгүүнүн демократиялык жолу аркылуу бара жаткандыгын тастыктообуз керек. Ал эми бийликтин милдети – таза шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө басым жасоо», - деп жыйынтыктады Артём Новиков.

Пикир

Оставить комментарий