• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Новиков: Товарларды ташууда салык жана бажы кызматтарын автоматташтыруу иши аягына чыгарылат

Өкмөт 0

Бишкеук, 20.01.21. /Кабар/. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды ташып өткөрүүдө контрабандалык схемаларды четтетүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү, - деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

«Учурда «Түндүк» мамлекеттик ишканасы өткөрүү пункттарындагы бардык процесстерди маалыматтык коштоону камсыздоо үстүндө иш алып барууда. Жылыштар бар. Ситуациялык борбор ачылып, күнүмдүк товар ташуу эсебинин электрондук маалыматтар базасы уюшулган. Бирок бул компоненттер өз-ара байланышта эмес. Ошондуктан келип түшкөн бардык маалыматтарды, анын ичинде автотранспорт каражаттарынын номурун таануу, бажы, салык жана чек ара кызматтарын көзөмөлдөө тутуму, «Бетомонд» тутуму, «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында орнотулган видеокамералар, товарлардын кыймыл маршрутун жана кампаларда жайгашуусун көзөмөлдөөчү тутум, башка мамлекеттер менен маалымат алмашуу тутумун өзүнө камтыган маалыматтардын бирдиктүү базасы түзүлүүдө. Натыйжада, товардын бардык кыймыл процессин мониторингдөө интеграциялашат. Товарларды ташуудагы коррупциялык схемалар жоюлуп, салык жана бажы кызматтарын автоматташтыруу процесси аягына чыгарылат», - деди Артем Новиков.

Өкмөт башчынын м.а. ушул айдын соңуна дейре чектеш аймактардагы «Эркечтам», «Торугарт» жана «Достук» үч өткөрүү пунктун, ошондой эле Евразиялык экономикалык бирликтин чегиндеги бардык өткөрүү пункттарын тутумга кошууну тапшырды.

«Түндүк» МИ эки ай аралыгында маалыматтык тутумга аналитикалык платформаны жана эсепке алынбаган жүктөрдү аныктоо тобокелдиги тутумун кошуу менен бирге толуктап иштеп чыгууну камсыздоосун тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий