• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Новиков: Жерүй кенин иштетүүдө экологиялык коопсуздук маселеси өзгөчө көзөмөлдөнөт

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Талас шаарында Жерүй кенин иштетүү маселесин иликтөө боюнча элдик комиссиянын кеңешмесине катышты, анда комиссия ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары сунушталды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Иш-чарага Талас облусунун 500 ашуун тургуну катышты.

Суроо-жооп форматында өткөн кеңешменин жүрүшүндө облустун тургундары «Жерүй» алтын кенинин иштеши, анын ичинде өндүрүш ишинин экологияга тийгизген таасири боюнча маселелерди көтөрдү.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, экологиялык коопсуздук маселеси Өкмөт үчүн артыкчылыктуу саналат жана өзгөчө көзөмөлдө турат.

«Үстүбүздөгү жылдын 6-январында мен фабрикага барып, калдык сактоочу жайдын абалы менен тааныштым. Биз мембрананын абалын жана калдык сактоочу жайдын абалын иликтөө максатында ишканага эл аралык көзкарандысыз компанияны чакыруу тапшырмасын бергенбиз. 20-январда «Sensor Group» компаниясынын адистери келип, аталган маселелерди иликтеп, анча чоң эмес кемчиликтерди аныктаган. Аталган кемчиликтер оңдолгон. Ишкана калдык сактоочу жайга мембрананын кошумча катмарын орнотот. Мен калдык сактоочу жайдын коопсуздугу камсыздалаарын баса белгилейм. Бирок орнотуу үчүн кошумча убакыт талап кылынат», - деди ал.

Артем Новиков билдиргендей, келерки жумада компетенттүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү тургундардын, көзкарандысыз эксперттердин жана экологдордун катышуусу менен Мамлекеттик комиссия түзүлөт.

«Жарандар тарабынан айтылган ар бир факт текшерилип, зарыл болгон учурда фактылар укук коргоо органдарына берилет. Бир дагы окуя көз жаздымда калбайт», - деди ал.

Буга катар биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, «Жерүй» кенин иштетүү экономиканы жана аймакты өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ.

«Ишкананын иштөөсү үчүн шарттарды түзүү керек. Фабрика ишке бериле электе алар бюджеттин кирешесине дээрлик 900 миллион сом салык төлөөдө. Фабрика ишке киргизилсе, бюджетке төлөмдөрдүн көлөмү жылына 4 миллиард сомго чейин жогорулайт. 4 миллиард сом – бул биздин пенсионерлер, мугалимдер, дарыгерлер, милиционерлер ала турган каражат. Талас облусун өнүктүрүү фондуна жылына болжол менен 300 миллион сом түшөт. 1000 жумушчу орун түзүлөт. Келгиле, компанияны иштетүүгө мүмкүндүк берели», - деди Артем Новиков.

Талас облусунун тургундары менен жолугушуунун жүрүшүндө ал эске салгандай, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан тоо-кен секторун реформалоо жөнүндө Жарлыкка кол коюлду. Жарлыкка ылайык, Өкмөт 2021-жылдын 1-июлуна дейре Тоо кодексинин долбоорун иштеп чыгат, анда мамлекеттик маанидеги кендердин тилкесин иштетип жаткан жана андай лицензияга ээ болгон ишканаларды эске албаганда, жалпы мамлекеттик маанидеги кендерди уставдык капиталында мамлекеттин 100% катышуусу бар улуттук тоо-кен компаниясы иштетүүсү каралмакчы. Баалуу металлдарды иштетүү боюнча бардык жаңы долбоорлордо мамлекеттин үлүшү каралат.

Пикир

Оставить комментарий