• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Новиковдун Баткен жана Ош облустарына болгон жумушчу сапарынан фоторепортаж

Өкмөт 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен жана Ош облустарына жумушчу сапары менен барды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, сапар алкагында Артем Новиков Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы бир катар өндүрүш обьектилеринин иши жана оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мындан тышкары, өкмөт башчынын м.а. Исфана шаарындагы аэропорттун ачылыш аземине катышып, Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы өрт чалган мектепти көрүп чыкты.

«Мектеп имаратын тез арада калыбына келтирүү боюнча ишти жүргүзүү зарыл. Тийиштүү финансылык ресурстар бөлүнүп берилет», - деди Артем Новиков.

Ошондой эле премьер-министрдин м.а. Фергана шаарындагы (Өзбекстан Республикасы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек ара аймактарынын акимдеринин кеңешинин үчүнчү жыйынына катышты. Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Өзбекстан Республикасынын премьер-министринин орун басары - Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сапардын жыйынтыгында Артем Новиков «Кызыл-Бел - Автожол» жана «Кайрагач - Автожол» өткөрүү пунктуна барып, «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий