• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Новопокровка айылында унаа толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. Новопокровка айылында жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылында жолдун жээгинде VoLkswagen T4 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

Өрт саат 12:20да чектөөгө алынып, саат 12:38де толук өчүрүлдү.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий