• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Новопавловкада 17 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

Кырсык 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылында өспүрүм баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-июнь күнү Сокулук райондук милиция кызматына Новопавловка айылында жансыз дене табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери окуя жерине барып, үйдүн короосунда асынып турган өспүрүм баланын жансыз денесин көрүшкөн.

Милицияга маалымат бергендер баланын туугандары болгон.

Баланын өздүгү дароо такталган – 17 жаштагы Д.А. Ал Сокулук районунда 9-класста окуган.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Сокулук райондук ИИБнин Тергөө кызматы тийиштүү экспертизаны дайындаган.

Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий