• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Новопавловкада автоунаа үй-бүлөнү сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Чүй облусунун Новопавловка айылында автоунаа баласы менен үй-бүлөлүк түгөйлөрдү сүздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн саат 15:30да Фрунзе көчөсүндө болгон.

Анын кесепетинен аял ооруканага жаткырылып, баласы жана жолдошу жабыркаган эмес.

Учурда айдоочу кармалып, тергөө иши жүрүүдө.

“Айдоочу кырсык учурунда соо же мас абалында болгону такталууда”, - деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү тургундар билдиришкендей, Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун ушул бөлүгү кооптуу болуп саналат, айдоочулар ылдамдык режимин сакташпайт.

Пикир

Оставить комментарий