• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Новопавловкада кайненесин бычактаган киши кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 06.05.19. /Кабар/. Сокулук районунун Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери өз кайненесин бычактаган кишини кармаган. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 22-апрелинде саат 10:00дө Сокулук райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Бишкектин ооруканаларынын бирине түшкөн Чүй облусунун жараны тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери жабырлануучу менен жолугуп, иштин чоо-жайын сурай алышкан эмес, анткени ошол маалда жабырлануучуга тез операция жасоо керек болгон. Аялдын өздүгү такталып, ал 54 жаштагы Р.Б. аттуу Сокулук районунун Новопавловка айылынын тургуну экендиги аныкталган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, тергөө кызматтарына тиешелүү тапшырмалар берилген.

Жабырлануучу өзүнө келгенде сурак берип, кылмышты анын күйөө баласы жасагандыгы аныкталган. Анын айтуусу боюнча, ошол күнү таң эртең менен күйөө баласы жөн жерден бычак менен уруп, айым ооруканага жеткирилген.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү 33 жаштагы К.У., аттуу жаранды кармаган. Учурда иштин чоо-жайы такталууда.

“Тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий