• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Новопавловкада милиционер 11 жашар баланы өлтүрө сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Новопавловка айылында "Ауди" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, милиционер 11 жаштагы баланы өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-январь күнү болжол менен саат 07:10дө "Ауди-А6" үлгүсүндөгү унаанын 24 жаштагы А.К. аттуу айдоочусу Сокулук районунун Новопавловка айылынан 11 жашар баланы сүзүп кеткен. Алган жаракатынан улам бала көз жумган.

Унааны башкарган айдоочу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын милициянын кайгуул кызматынын кызматкери болуп чыккан.

Учурда Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмү окуяны иликтөөгө алган.

Аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон тилкеде жер үстүнөн жана жер астынан өтүүчү өтмөктөр бар.

Пикир

Оставить комментарий