• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Новопавловкадагы өрт чектөөгө алынды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. Сокулук районунун Новопавловка айылында үйдөн чыккан өрт саат 13:52де чектөөгө алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрт Новопавловка айылындагы Ворошилов жана Киров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйдөн чыккан. Өрт тууралуу билдирүү саат 12:20да түшкөн.

Учурда тилсиз жоону толугу менен өчүрүү иштери жүрүүдө. Абал боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий