• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Новопокровка айылында унаадан баңгизат табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Новопокровка айылында унаадан баңгизат табылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-июнда болжол менен саат 14:30 чамасында, ЖАМКнын №3 мекемесинин ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери жана Чүй облустук Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жайгашкан №3 мекемесине караштуу аймактан ак түстөгү “Хонда Фит” унаасы токтотулуп, текшерилген.

Унаанын ичинен болжол менен 180грамм салмактагы баңгизаты табылган.

Кармалгандар Бишкек шаарынын 1994-жылы туулган К.А. жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун 1973-жылы туулган У.Б. аттуу тургундары болгон.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган жарандар, топтолгон материалдар жана буюм далилдер Ысык-Ата райондук милициясына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий