• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Новопокровка айылындагы өрттөн 4 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда 2020-жылдын 13-декабрь күнү саат 14:36 чамасында Новопокровка айылынын түштүк жагында жайгашкан кашардан өрт чыккан.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрттүн жалпы аянты болжол менен 320 чарчы метрди түзгөн.

Тилсиз жоодон 1 аял, 1 кыз жана 2 бала каза болгон.

Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм жана Аламүдүн базарынын өрт өчүрүү кошуунунан 1 даана атайын өрт өчүрүү унаасы тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:14тө чектөөгө алынып, саат 20:47де толук өчүрүлгөн.

Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий