• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Новопокровкадагы өрт. Энеси балдарын куткарам деп каза тапкан

Кырсык 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда 13-декабрда саат 14:36лар чамасында Новопокровка айылынын түштүк жагында жайгашкан кашардан өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тилсиз жоодон 25 жаштагы келин, 4 жаштагы кыз жана 3, 4 жаштагы балдар каза болгон.

Логвиненко айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Гүлнура Койчуманова "Кабар" агенттигине билдиргендей, кырсыктан каза тапкан үй-бүлө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин каттоосун турган эмес.

Койчуманованын айтымында, үй-бүлө орто абалда жашаган. Алар Новопокровка айылына Ысык-Көл облусунан көчүп келген.

"Өрт учурунда балдардын энеси үйдө болгон эместиги айтылат. Үй өрттөнүп жатканда ал чуркап келип, балдарды куткарам деп каза болуп калган. Ошондой эле кимдир бирөө мешке бензин чачкандыктан үйдө өрт чыккан деген божомол бар", - деди Койчуманова.

Пикир

Оставить комментарий