• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Новосибирскте газдын жарылуусунан жабыркаган кыргызстандык ооруканада каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 9-февралда Новосибирск шаарында газдын жарылуусунан улам жабыркаган кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Буга чейин Кыргызстандын аталган шаардагы Башкы консулдугу тарабынан маалымдалгандай, кырсыктан кыргызстандын эки жараны - 1993-жылы туулган А.уулу Т. жана 1978-жылы туулган А.А.К. жабыркаган. Жаран А. уулу Т. көмүр кычкыл газына ууланган, абалы орто оор деп бааланып, Новосибирск шаарындагы 34-шаардык оорукананын токсикология бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми кыргызстандык А.А.К. омурткасы сынып, Новосибирск травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтуна жаткырылып, операция жасалган.

"2023-жылдын 21-февралында жабыркаган КР жараны А.К. реабилитациялоо жана калыбына келтирүү үчүн Бердск шаарындагы ОРТОС реабилитациялык борборуна которулган. Бирок, 24-февралда ал реабилитациялык борбордон тромбоэмболия диагнозу менен Бердск шаардык борбордук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилип, көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан көз жумган", - деп айтылат маалыматта.

Башкы консулдук тарабынан А.К.нын жубайына жана туугандарына "жүк-200дү" Кыргызстанга жөнөтүүдө ар тараптуу жана ыкчам жардамдар көрсөтүлүп, 25-февралда сөөк Новосибирск шаарынан Ош шаарына Сибирь (S7) авиакомпаниясынын рейси менен жөнөтүлгөн.

Мындан сырткары, КР Башкы консулдугуна маркумдун жубайынан чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине алып келүү боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку жөлөкпул алуу боюнча арызы кабыл алынып, каза болгон КР жаранынын жашы жете элек эки баласына Кыргызстанга кайтып келүү жөнүндө күбөлүктөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий