• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Новосибирск-Тамчы авиакаттамы ар жумада бир жолу каттап жатат

Коом 0

Бишкек, 13-июль /Кабар/. “S7 AIRLINES” авиакомпаниясы Новосибирск-Тамчы каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ар жуманын шаршемби күндөрү ташып жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинен билдиришти.

“S73285/3286” туруктуу каттамы ушул жылдын 5-июлунан тартып ар аптанын шаршемби күндөрү “Embraer 170-LR” ыңгайлуу лайнер каттамы иштеп жатат.

Новосибирсктен Тамчыга чейин учак 2 саат 45 мүнөттө келет. Ал эми билеттин баасы бир багытка 7 миң 870 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий