• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Новосибирскте 132 кыргыз жараны чартердик авиакаттам уюштурулганга чейин мейманканаларга жайгаштырылды - ТИМ

Коом 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Кыргызстандын 132 жараны чартердик авиакаттам уюштурулганга чейин Новосибирск шаарындагы мейманканаларга жайгаштырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 2-апрелинде Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу КР өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын Сибирь федералдык округу боюнча өкүлчүлүгү жана Новосибирск областындагы Кыргыз диаспорасы менен биргеликте эки өлкө ортосундагы авиакаттамдын токтотулгандыгына байланыштуу Новосибирск шаарынын эл аралык аэропортунда Кыргызстанга уча албай турган кыргыз жарандары менен жолукту.

​“Жыйынтыгында Кыргызстандын 132 жараны чартердик авиакаттам уюштурулганга чейин Новосибирск шаарындагы мейманканаларга жайгаштырылды. Ал эми Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы Миссиясы тарабынан жарандардын жатаканасы жана тамак-ашы каржылоо боюнча жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле Новосибирск областындагы Кыргыз диаспорасы транспорт жана ысык тамак менен камсыз кылууга жардам берди”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 31-марты саат 20.00дөн баштап, Новосибирск областынын аймагында губернатордун токтому менен өздүк изоляция режими, жарандардын жүрүшүнө жана ишканалардын ишмердигине чектөөлөр киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий