• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Новосибирскте 7 млн рубль уурдоого шектелип жаткан КР жаранынын иши ТИМдин көзөмөлүндө

Коом 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлиги Россиянын Новосибирск шаарында 7 млн рубль уурдоого шектелип, камакка алынган Кыргызстандын жараны боюнча төмөнкүлөрдү билдирет:

Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу өз компетенциясынын чегинде КР жаранына кармалган күндөн тартып зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.

2021-жылдын 4-ноябрында жогоруда көрсөтүлгөн жаран кармалган күнү Башкы консулдуктун кызматкерлери кармоонун себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн полиция бөлүмүнө барышкан.

2021-жылдын 28-декабрында жана ушул жылдын 2-февралында Башкы консулдуктун атынан кылмыш ишин карап жаткан Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотуна жаран А.Б.га карата баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алуу менен байланышпаган чечим чыгаруу өтүнүчтөрү жиберилген.

Ошондой эле Башкы консулдуктун кызматкерлери соттолуучу КРнын жаранынын жакындары жана жактоочулары менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп, кылмыш иши боюнча соттук отурумдарга катышып, ага карата мүнөздөмө материалдарын чогултууга зарыл жардам көрсөтүүдө.

Министрлик бул маселени өз көзөмөлүндө кармап турат.

Пикир

Оставить комментарий