• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Новосибирскте айыл чарба илими жаатында кыргыз-сибирь алакасын өнүктүрүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Кечээ, 17-августта Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы башкы консулу Калдарали Маматалиев Россия илимдер академиясынын Сибирь федералдык агробиотехнология илимий борборунун директору (РИА СФАИБ) Кирилл Голохвастов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө РИА СФАИБдин директору айыл чарба илими жаатында 11 федералдык илимий-изилдөө институттарын камтыган илимий борбордун тарыхы жана ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жөнүндө айтып берди.

Тараптар айыл чарба илими жана билим берүү тармагында кыргыз-сибирь кызматташтыгын өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти. РИА СФАИБдин жетекчилигинин Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу маселеси макулдашылды. Анын алкагында төмөнкү перспективдүү багыттар боюнча кызматташуу талкууланды: биргелешкен илимий-изилдөө иш-чараларын өткөрүү, тажрыйба алмашуу жана кыргыз адистерин окутуу, Кыргызстандын аймагында өзгөчө-коркунучтуу ооруларды изилдөө боюнча заманбап ветеринардык лабораторияны түзүүгө жардам берүү, биожер иштетүү, жаныбарлар үчүн биотоют, тоо дары өсүмдүктөрүн кайра иштетүү.

Ошондой эле К.Голохвастов Сибирь региондорунун мисалында агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча борбордун илимий тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенине ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий