• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Новосибирскте кичи автобус жол кырсыгына кабылды. Унаада кыргызстандык жарандар да болгон

Кырсык 0

Бишкек, 19.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Новосибирскте кичи автобус жол кырсыгына кабылды. Унаада кыргызстандык жарандар да болгон. Бул тууралуу ТАСС агенттигибилдирет.

Маалыматка ылайык, ал микроавтобус жекшемби күнү кечинде "Новосибирск-Кочки-Павлодар" багыты менен бара жатып Карасу районунда жолдон чыгып кеткен. Алдын ала маалымат боюнча айдоочу унааны башкара албай калган.

Жол кырсыгынан Армениянын жараны каза болуп, Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары жабыркаган. Үч адам жандандыруу бөлүмүндө жатып, алардын абалы туруктуу оор деп айтылууда.

"Үч адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дарыгерлер алардын абалын туруктуу оор абалда деп баалоодо. Дагы 5 адам райондук оорукананын хирургиялык бөлүмүндө жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий