• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Новосибирсктеги мекендештер Кыргызстанга 650 миң рублге дары-дармек жөнөтүштү

Коом 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Кыргызстандын ооруканаларына Новосибирсктеги мекендештер 650 миң рублге дары-дармектерди жөнөттү. Бул тууралуу «Замандаш» ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардамдын негизги алуучулары Нарын облусундагы Ат-Башы районунун, Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун, Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун жана Токмок шаарынын тургундары болду.

Новосибирсктеги мекендештер учурда өлкөдө болуп жаткан кырдаалга тынчсызданууда, ошондук мүмкүн болушунча жардам көрсөтүүнү чечишкен.

“Кыргызстанда биздин жакындарыбыз жана туугандарыбыз жашайт. “Клексан” жана “Гепарин” дарыларынын жетишсиздиги тууралуу маалыматтар бизди бул препараттарга акча каражатын топтоп, мекенге жиберүүгө түрткү болду”, - деп билдирген Новосибирсктеги кыргыз диаспорасынын төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий