• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

НТС телеканалынын журналисти жол кырсыгынан каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 31-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. НТС телеканалынын журналисти Айбек Айтбаев Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында жол кырсыгынан каза болду.

“Кабар” агенттигине Айбектин кесиптештери билдиргендей, кырсык 30-июлда эртең менен болгон.

“Учурда сөөктү Ошко алып кетишти. Биздин каналда ал журналист-стажер болчу”, - дешти Айтбаевдин кесиптештери.

ЖМК жана күбөлөр билдиргендей, жол кырсыгы 30-июлда 5:00 чамасында Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылынын аймагында болгон. Subaru маркасындагы эки унаа сүзүшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча 6 адам жабыркаган. Облустук милициядан аларга маалымат түшпөгөнүн билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий