• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

НТС ТРК байланыштуу жагдай боюнча Сот департаменти түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 20.12.17. /Кабар/. Кыргызстандын Сот департаменти НТС ТРКнын айланасындагы жагдай боюнча түшүндүрмө берди.

КР Сот департаментинин маалыматында төмөнкүдөй айтылат:

“Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 19.12.2017-ж. Аныктамасынынын негизинде бул чечимге ылайык “Grexton capital LTD" компаниясынын доо арызын камсыздоо боюнча чараларды көрүү аракети жасалды.

Эч кандай басып алуу тууралуу сөз болгон жок. Сот тарабынан аныктаманын кабыл алынышында:

а) НТС ТРКнын мүлкүн сактоо максатында аны камакка алуу;

б) мүлктү жооптуу адамга ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү (НТС ТРКнын башкы директоруна).

Бул шартта сот аткаруучулар тарабынан мүлктү каттоо жана аны ишенимдүү башкарууга жооптуу адамга берүү каралган. Ошону менен бирге бул адамды мүлккө зыян келтирүү же аны сатуу үчүн жоопкерчилик тууралуу маалымдоо.

НТС жетекчилиги менен макулдашууга ылайык бул аракет 2017-жылдын 20-декабрына жылдырылган.

“Grexton Capital LTD» компаниясы Бишкек шаардык райондор аралык сотуна Кох Георг “Траст-Медиага” доо арызы менен кайрылган. “Авит” ЖЧКсы үчүнчү тарап.

Доо арыз менен бирге “Grexton Capital LTD” компаниясынын өкүлүнөн сотко доо арызды камсыздоо чараларын кабыл алуу жөнүндө кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү камакка алуу өтүнүчү менен арыз түшкөн.

Жарандык жазык кодексинин нормаларына ылайык доо арызды камсыздоо боюнча аныктамасы кабыл алынган учурдан тарта күчүнө кирип, токтоосуз аткарууга жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий