• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

НТСтин айланасындагы кырдаал – бул эки чарбалык субъекттин талашы - Бактыгулов

Коом 0

Бишкек, 20.12.17. /Аман Алымбеков - Кабар/. НТС телерадиокомпаниясынын айланасындагы жагдай боюнча рейдердик басып алуу же соз эркиндигине кысым көрсөтүү мүнөзүндөгү кандайдыр бир билдирүүлөрдү жасоо эрте. Мындай пикирин саясат таануучу эксперт Шерадил Бактыгулов билдирди.

Анын айтымында, доогер сотко экономикалык талаш боюнча кайрылган, буга байланыштуу сот НТСтин мүлкүн каттоо токтомун чыгарган.

“Сот бүгүнкү күнү кандайдыр бир чечим чыгарган жок. Ал мүлктү каттоо тапшырмасын гана берди. Бул соттун акыркы чечими эмес. Мындан ары сот тараптардын жарышын карап, фактыларга таянып, андан соң гана акыркы чечимин чыгарат. Мында телеканал бир нече ирет колдон колго өткөнүн белгилеп кетүү маанилүү. Ошондуктан бул жерде эки тараптын тең материалдарын карап чыгуу керек. Соттук териштирүүлөр жүрүп жатканда, рейдердик басып алуу тууралуу билдирүү жасоого эрте. Бул ириде экономикалык талаш”, - деп белгиледи эксперт.

Мындан тышкары, саясат таануучу телеканалдын өзүнүн аудиториясы, көрүүчүлөрү бар экенин жана компаниянын штаты чоңдугун эске алуу керектигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий