• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

НТСтин чыгармачыл тобу кырсыкка учурап, айдоочу ооруканага түштү

Коом 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Кечээ, 28-мартта саат 20:15 тер чамасында НТСтин тасма тартуу тобу, “Ачык сүйлөшүү” ток-шоусунун командасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу "Кабар” агенттигине ток-шоунун алып баруучусу Ассоль Молдокматова билдирди.

Ал белгилегендей, НТСтин командасы тасма тартууга үчүн Жукеев-Пудовкин көчөсү менен бара жатышкан. “Ахунбаевдин ылдый түшөрдө Fit маркасындагы ак түстүү унаа Достук тар көчөсүнөн чыга калып, чоң көчө Жукеев-Пудовкинде бара жаткан биздин унаага жол бербей унааны сүзүп алды. Рулда отурган 19 жаштагы баланын айдоочулук күбөлүгү жок экен. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келишти. Айыптуу күнөөсүн моюнга алды”,-деди ал.

Телеалыпбаруучунун айтымында, бала милиция чакырбагыла деп жалдырап, анын байкесин күтүүнү өтүнгөн. Ал ойлонуп кетип, аларды сүзүп алганын айткан.

Бул жерде эң эле кыжырды келтирген окуя Ассолдун айтымында, жаш бала унаа токтотуучу жайга чакырган атасынын кылык-жоругу болгон. Ал башында эле өзүн туура эмес алып жүрүп, кечирим суроонун ордуна тасма тартуу тобун сөгүп, өзүнүн төмөн жактарын көрсөткөн.

“Биздин балдар: оператор, жардамчы, айдоочулардын баштары чайкалып, денелери ооруксунуп калган. Ал эми унаа жабыркаган. Азыркы учурда айдоочу ооруканада. Жеке адамды кемсинтүү, айдоо учурунда айдоочулук күбөлүктүн жоктугу, орой жүрүм-турум сыяктуу мыйзамдарды карап жатабыз. Ушундай атадан кандай бала тарбия алат?”,-деп жинденди А.Молдокматова.

Пикир

Оставить комментарий