• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нур менен кактап айыктырууда колдонулуучу аппаратты 2020-жылдын март айынын аягына чейин жеткирүү белгиленди

Өкмөт 0

Бишкек, 28.12.19. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Онкология жана гемотология улуттук борборуна нур менен кактап айыктырууда колдонулуучу аппаратты жеткирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөндөгүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-майындагы № 172-б буйругун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Онкология жана гемотология улуттук борбору 7 млн АКШ долларына «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун каражатынын эсебинен кымбат медициналык жабдууларды сатып алууга тендер өткөрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына 352 026 000 сомго нур менен кактап айыктырууда колдонулуучу 2 аппаратты алууга 2018-жылдын 28-ноябрында жарыяланган № 181106132198148 тендер боюнча сынак комиссиясы ишин баштаган. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2 комплект «Нур менен кактап айыктырууда колдонулуучу аппарат» Жогорку энергиялуу радиотерапиялык жабдуу» лоту боюнча жеңүүчү аныкталган.

2019-жылдын 11-апрелинде «MN Medical OU» ЖЧКсы менен 3 874 778 АКШ доллары суммасына 2 комплект «Нур менен кактап айыктырууда колдонулуучу аппарат» алууга үч жактуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Онкология жана гематология улуттук борбору) келишим түзүлгөн. Келишимдин шарты боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казынасынын түз эсебинен ташуучуга 10% (387 477 доллар 80 цент) аванс которулган.

Жабдууларды орнотуу үчүн радиациялык коопсуздукту камсыз кылуунун талаптарына ылайык келген имаратты даярдоо зарыл. Учурда нур менен кактап айыктырууда колдонулуучу аппараттарга бункерлердин радиациялык коопсуздук эсеби иштелип чыкты. Бекитүү үчүн бул эсептер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине жана Россия Федерациясынын көз карандысыз эксперттерине багытталган. Жабдуу 2020-жылдын мартынын аягында алынып келет.

Бункер даярдоо боюнча учурда долбоордук-сметалык документтер алынган. Аларды «Шаар куруу» мамлекеттик долбоордук институту тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик экспертиза департаментине экспертизага берилди.

Бардык процедуралар аяктаган соң радиологиялык корпустун 1 жана 2-нур менен кактап айыктырууда колдонулуучу аппараттарбөлүгүн капиталдык оңдоо кызматтарын сатып алуу боюнча тендердик иш-чаралар белгиленет.

Муну менен бирге белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Онкология жана гематология улуттук борбору калктан жана эл өкүлдөрүнөн нур менен кактап айыктырууда колдонулуучу аппараттарды сатып алуу үчүн жыйналган каражаттарга эч кандай тиешеси жок.

Пикир

Оставить комментарий