• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нур-Султан: Астана атын өзгөрттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.03.19. /Кабар/. Казакстандын борбор калаасы Астана Нур-Султан болуп өзгөртүлдү. Бул тууралуу Жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон.

Ал Жарлык расмий жарыялангандан тарта, башкача айтканда 23-мартан тарта күчүнө кирет.

Ошентип Астана шаары Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин атын алып жүрмөй болду.

Белгилей кетсек, Казакстандын мурдагы президенти, Елбасы Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткенден кийин Конституция боюнча анын ордуна келген Касым-Жомарт Токаев 20-март күнү кызматына киришкен. Кызматына жаңы киришкен президент Астананы Нур-Султан деп өзгөртүү сунушун киргизген. Бул маселе референдумга чыгарылбай эле каралмай болуп, парламенттин колдоосун тапкан.

Ошол эле маалда, баш калаанын атын референдумга алып чыкпай туруп өзгөртүүгө каршы болгондор 21-март күнү нааразычылык акциясына чыгышкан. Бирок аларды полиция кызматкерлери кармап кеткен.

Пикир

Оставить комментарий