• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нур-Султан калаасында «Борбордук Азия – Корея Республикасы» кызматташуу форуму өттү

Саясат 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 16-октябрда Казакстандын Нур-Султан шаарында «Борбордук Азия – Корея Республикасы» кызматташуу форуму болуп өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, XII форумдун ишине министр Чыңгыз Айдарбеков да катышкан. Андан тышкары, форумдун ишине Кореянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Казакстандын тышкы иштер министрлери жана Түркмөнстандын Казакстандагы элчиси катышкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар техникалык стандартизациялоо, жашыл энергетика, IT технологиялар чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндө форумдун мүчө-мамлекеттеринин кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Өз сөзүндө Ч.Айдарбеков Кыргызстан «Борбордук Азия – Корея Республикасы» форумун туруктуу өнүгүүнү жана региондорду гүлдөп-өстүрүүнү камсыз кылуу максатында Кыргызстандын Борбордук Азия жана Корея Республикасы менен практикалык өз ара аракеттенүү үчүн маанилүү платформа катары караарын баса белгилеген.

Иш-чаранын жыйынтыктары боюнча форумдун 12-жыйынынын катышуучуларынын Биргелешкен билдирүүсү, ошондой эле форумдун катчылыгынын «Борбордук Азия – Корея Республикасы» кызматташуусунун 2020-жылга жумушчу планы кабыл алынган.

Маалымат үчүн: «Борбордук Азия – Корея Республикасы» форуму Корея Республикасынын Борбордук Азия өлкөлөрү менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү жана кеңейтүү максатында Корея өкмөтү тарабынан 2007-жылы демилгеленген.

Пикир

Оставить комментарий