• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нур-Султан учак жүргүнчүлөрүнөн COVID-19 тестин талап кылбай турган болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Казакстан учак жүргүнчүлөрүнөн COVID-19 тестинен өткөнү тууралуу аныктама талап кылууну токтотту. Бул тууралуу транспорт тармагы боюнча башкы дарыгер Садвакас Байгабулов билдирди.

Анын айтымында, 1-майдан 10-майга чейин учкан жүргүнчүлөрдүн арасында коронавирус табылган эмес.

1-майдан баштап Нур-Султан менен Алматы, кийин башка дагы бир нече шаарда ички аба каттамдары ачылып, COVID-19 тестинен өткөн жүргүнчүлөрдүн учуусуна гана уруксат берилген.

Күн мурун «Эйр Астана» авиакомпаниясы ПЧР-тесттен өтүү талабын жокко чыгарууну, тесттин баасы 11,5 миңден 20 миң теңгеге чейин жетип, калк үчүн учууга мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканын билдирген.

Казакстанда бүгүн, 11-майда коронавирус пандемиясына байланыштуу жарыяланган өзгөчө абал режими аяктады.

Соңку маалымат боюнча Казакстанда коронавирус жуктургандар 5138 адамга жетип, 1941 адам айыкты,31 адам кайтыш болду.

Пикир

Оставить комментарий