• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Нур-Султан жана Алматыдагы митингдер учурунда 80 киши кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 02.05.19 /Кабар/. 1-майда Нур-Султан жана Алматы шаарларындагы нааразылык акциялары учурунда 80 киши кармалды. Бул тууралуу Казакстан Ички иштер министрлиги билдирди.

ИИМдин билдирүүсүн караганда, Башкы прокуратуранын эскертүүсүнө карабай, жарандар уруксатсыз митингге чыгышкан.

Министрлик акция катышуучуларына өз ойлорун ачык жана эркин түрдө айтуусуна мүмкүнчүлүк берилгенин, ага карабай айрымдары өздөрүн агрессивдүү алып жүргөнүн, коомдук тартипти бузушканын, өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылынын ураандарын кыйкырышканын маалымдады. Буга байланыштуу аларды кармоо чечими кабыл алынган, кармалгандарга укуктук жактан баа берилет.

Акция 1-майда Алматы жана Нур-Султанда, Семей, Караганды, Шымкент жана Актөбө борборлорунда болгон. “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Сания Тойкендин айтымында, Байконур районунда полиция кармалгандарды төрт сааттан ашык кармап, андан соң бошоткон.

Нур-Султандагы акция учурунда кармалгандардын ичинен экөө – Алимжан Избасаров менен Алтынбек Орынтайулы беш суткага камалды. Алар “орган кызматкерлерине баш ийбөөгө” айыпталышууда.

29-апрелде Казакстан Башкы прокуратурасы уруксатсыз өткөрүлгөн митингдерге катышкандар жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

Буга чейин чет мамлекетте жашаган оппозиционер Мухтар Аблязов тарапкерлерин 1-майда тынчтык акциясына чыгып, президенттик шайлоого бойкот жарыялоого чакырган.

Пикир

Оставить комментарий