• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нур-Султанда Акылбек Жапаров менен Аскар Мамин жолугушуп, кызматташтыкты талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапарынын жүрүшүндө Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчылар Акылбек Жапаров жана Аскар Мамин ар кыл тармактагы өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелерин талкуулады.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн зарылдыгы тууралуу бирдей пикирин билдирип, экономикалык, логистикалык, транспорттук, вегетациялык, суу-энергетикалык жана башка чөйрөлөрдөгү долбоорлорду илгерилетүү боюнча реалдуу кадамдарды жасоону макулдашты.

Жолугушуунун катышуучулары айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө басым жасады, буга катар казак тарап кант өндүрүү менен алектенген кыргыз ишкерлери менен тажрыйба алмашууга кызыкдарлыгын билдирди, ошондой эле кант кызылчасын жана кант сырьёсун өстүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Ошондой эле казак тарап 1000 тонна күздүк буудайды жеткирүүгө жардам берери белгиленди.

Акылбек Жапаров республиканын 12 миң тонна буудайга болгон муктаждыгы бар экенин айтып, казак тараптан көрсөтүлгөн көлөмдү сатып алууга даяр экенин билдирди.

«Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров министрлер кабинетинин астына республиканын калкын азык-түлүктүн 9 түрү менен камсыз кылуу милдетин койду, анын катарына буудай кирет. Биз республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана жакынкы аралыкта керектүү көлөмдөгү буудайды сатып алууга милдеттүүбүз», - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Тараптар ошондой эле калкты коммуналдык жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Акылбек Жапаров белгилегендей, жакын арада Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын президентинин тапшырмасы боюнча 2000 даана автобус ишке киргизилет, ошол эле учурда бул транспортту жеткирүүчүнү аныктоо маселеси чечилүүдө.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын премьер-министри аталган долбоорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди жана Казакстан Республикасында өндүрүлгөн электр автобустары үнөмдүү, коопсуз жана узак мөөнөткө пайдаланылаарын кошумчалады.

Ошондой эле ал казакстандык ишкерлер Кыргыз Республикасынын экономикасына кеңири чөйрөдө инвестиция салууга даяр экенин билдирди.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында дүң-бөлүштүрүү борборлорун түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен Иш-чаралар планын («Жол картасы»), ошондой эле 2022-жылдын февраль айында ишке киргизүү пландалып жаткан «Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол өткөрүү пункттары аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү маселесин талкуулады.

Аталган долбоорлорду ишке ашыруу эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн жогоорулатууга мүмкүндүк берет, келечекте аны 2 млрд АКШ долларына дейре жогорулатуу сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий