• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нур-Султанда автобус менен жүк унаасы кагышып, 23 адам жабыркады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Нур-Султанда автобус менен жүк унаасынын кагылышуусунан 22 жүргүнчү жана автобустун айдоочусу жаракат алды. Бул тууралуу шаардык полиция департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 23-сентябрда борбордук көчөлөрдүн биринде болгон. Жүк унаасы негизги жолдо бараткан автоунаага жол бербей коюп, жыйынтыгында автобус менен сүзүшкөн.

Интернетте тараган видеодон автобустун алдыңкы бөлүгү зыянга учураганын көрүүгө болот.

Автобустун айдоочусу ооруканага жаткырылып, 22 жүргүнчү медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө кетишкен.

Полиция бул кырсык боюнча тергөө иштери башталганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий