• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нур-Султанда үч жүргүнчү ташыган автобус кагышып, эки адам каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 26.03.19 /Кабар/. Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында бүгүн үч жүргүнчү ташыган автобус кагышып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz. кабарлады.

Кырсык бүгүн, 26-мартта болжол менен саат 09.14 Кабанбай батыр проспектиси менен Улы Дала көчөсүнүн кесилишинде катталган.

Маалыматка караганда, бир жүргүнчү менен автобустун айдоочусу каза болду. Жараат алган адамдардын саны такталууда.

Полиция кызматкерлери кырсыктын себептерин аныктоодо.

Пикир

Оставить комментарий