• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нур-Султанда ЕАЭБтин парламент жетекчилеринин жыйыны өтөт

Коом 0

Бишкек. 14.05.19 /Кабар/. Казакстандын Мажилисинин төрагасы ЕАЭБтин парламент жетекчилеринин төртүнчү жыйыны ушул жылдын сентябрь айында Нур-Султан шаарында өтөрүн билдирди.

Казакстандын Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин Ливандын өлкөдөгү элчиси менен жолугушуу учрунда Евразиялык Экономикалык Биримдиктин парламенттеринин жетекчилеринин жыйыны ушул жылдын сентябрь айында Нур-Султанда өтөрүн билдирди.

Жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн өкүлдөрү Казакстан менен Ливандын ортосундагы маанилүү кызматташтыктар, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтык, тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө маселеси тууралуу сүйлөшүштү.

ЕАЭБтин парламент жетекчилеринин жыйынына 84 өлкө чакырылган жана бүгүнкү күнгө чейин 60 өлкө чакырууну кабыл алганын билдиришкен. Мындан тышкары жыйынга 16 эл аралык уюмдар дагы катышат.

ЕАЭБтин парламент жетекчилеринин төртүнчү жыйынына Иран Ислам Республикасынын парламенттик делегациясы дагы катышат.

Пикир

Оставить комментарий