• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нур-Султанда Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өтүп жатат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында жаңы президент Касым-Жомарт Токаевдин ант берүү аземи башталды, деп жазат МИА «Казинформ».

Ант берүү аземи Казак Республикасынын Эгемендүүлүк сарайында өтүүдө. Ант берүү салтанатында жаңы шайланган президент мамлекеттик тилде ант берет. Ошол мүнөттөн тарта мамлекет башчысы өз кызматына толук кандуу киришет.

Ант кийинкиче айтылат:

“Салтанаттуу түрдө Казак элине кызмат кылууга, Казак Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын толук аткарып, ар бир жарандын укугун жана эркиндигин сактоого, Казак Республикасынын президенти катары мага жүктөлгөн милдеттерди ак ниетим менен аткарууга ант берем”.

Ант берүүдөн кийин мамлекеттик гимн жаңырып, Конституцияда көрсөтүлгөндөй президентке күбөлүк, төш белги, президенттин штандарты жана “Алтын Кыран” ордени тапшырылат.

Эске сала кетсек, Казакстанда президенттик шайлоо 9-июнь күнү өтүп, Касым-Жомарт Токаев добуштардын 70% ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий