• 80.18
  • 78.86
  • 1.37

Нур-Султанда Кыргызстан менен Казакстандын президенттери расмий жолукту — сүрөт

1301 кароо Президент 0


Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарындагы президенттин «Ак ордо» сарайында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчылары учурашкандан кийин Республикалык гвардиянын оркестри Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндерин аткарды.

Ардактуу кароолдун башчысынын рапортунан соң мамлекет башчылары Казакстан Республикасынын мамлекеттик туусуна келип, мамлекеттик символго башын ийишти.

«Ак ордонун» фойесинде Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев сүрөткө түшүп, андан кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдөгү сүйлөшүүгө киришти.

Пикир

Оставить комментарий