• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нур-Султанда Кыргызстан менен Казактандын ортосунда бир катар макулдашууларга жетишилди

Саясат 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Нур-Султан шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапарынын жүрүшүндө орун алган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында дүң-бөлүштүрүү борборлорун түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен Иш-чаралар планы («Жол картасы»);

2. 2022-2024-жылдарга «Алматы-Бишкек» Экономикалык коридорунун референс лабораторияларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы;

3. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү ортосундагы Борбор Азия регионунун коопсуздугун камсыздоого аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө келишим;

4. «Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол өткөрүү пункттары аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы.

Пикир

Оставить комментарий