• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Нур-Султанда Кыргызстан жана Казакстандын тышкы иштер министрлери жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нур-Султанга болгон иш сапардын алкагында Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМден билдиришкендей, казак кесиптеши Казакбаевди министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы жемиштүү ишинде ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Руслан Казакбаев өлкөдөгү кырдаалдын акырындык менен турукташып бара жатканын жана саясий процесстердин конституциялык талаага кайтып келиши жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле кыргыз тарап өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин жана буга чейин кол коюлган бардык эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдердин так аткарылышын толугу менен сактайт деп ишендирди.

Казакбаев чет өлкөлүк инвестициялардын, анын ичинде казакстандык инвестициялардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мыйзамдарга ылайык зарыл чараларды көрөрүн белгилеп кетти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы иштер органдарынын жетекчилери саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграция чөйрөсүндө кыргыз-казак кызматташтыгынын кеңири күн тартиби боюнча пикир алышты.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы казак тарапка кайрылып, Саламаттыкты сактоо министрлигинин муктаждыктары үчүн акысыз негизде дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары менен кыргыз тарапты камсыздоодо жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды.

Ошондой эле Казакбаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды эске алып, кыргыз тарапка каржылык жана техникалык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды.

Тараптар мамлекеттик чек арада жүк ташуучу унаалардын өткөрүмдүүлүгүн жакшыртуу максатында навигациялык пломбаларды орнотуу боюнча пилоттук долбоордун ишке ашырылышын талкуулашты.

Чек арадагы тоскоолдуктарды жоюу максатында кыргыз тарап эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарына мамлекеттик чек арадан жүк ташуучулардын өтүүсү боюнча иш-аракеттердин бирдиктүү алгоритмин иштеп чыгуу боюнча тийиштүү консультацияларды өткөрүүнү сунуш кылды.

Кыргыз тарап казак тарапка айыл чарба продукцияларын экспорттоо, ошондой эле жүктөрдү транзиттөө үчүн чек ара аймактарында биргелешкен соода-логистикалык борборлорду түзүүнү сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий