• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нур-Султанда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына арналган расмий кабыл алуу болду

Коом 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Казакстандын Нур-Султан шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына арналган расмий кабыл алуу болду, - деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Казакстан президентинин администрациясынын өкүлдөрү, парламент мажлисинин жана сенатынын мүчөлөрү, Казакстан Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, Нур-Султан шаарында аккредиттелген элчилер, эл аралык жана коомдук уюмдардын, бизнес-структуралардын башчылары жана өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын студенттери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Казакстандын аймагында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышкан.

Иш-чаранын башында Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев жана Казакстандын Тышкы иштер министринин орун басары Марат Сыздыков куттуктоо сөзүн сүйлөшкөн.

"Иш-чаранын алкагында Евразиялык чыгармачылык гильдиясынын сүрөтчү-мүчөлөрүнүн сүрөттөрүнүн көргөзмөсү уюштурулган жана атайын концерт коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий