• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нур-Султанда "Үмүт" моноспектакли коюлду

Маданият 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда Калибек Куанышбаев атындагы Мамлекеттик академиялык казак музыкалык-драма театрынын сахнасында жаш режиссер Улан Карыпбаевдин сахналаштыруусунда "Үмүт" моноспектакли ɵттү.

"Үмүт" спектакли улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган - бул улуу үмүт, ыйык ишеним, жер жүзүндөгү бардык энелерди билдирип турган Эне жөнүндө пьеса. Фронттон кайтпай калган уулдарын кырк жылдан ашуун күткөн жалгыз бой эненин жашоосу жөнүндө окуя.

Пьесаны драматург, журналист Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кайрат Иманалиев жазган. Башкы ролду Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти жана КР Эмгек сиңирген артисти Назира Мамбетова аткарат.

Салтанаттуу ачылыш аземинде куттуктоо сɵзү менен Казакстандын маданият жана спорт министри А.Раимкулова, Казакстандын Мажилисинин депутаты Ж.Ашимжанов жана Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Ж.Кулубаев сүйлɵдү.

"Үмүт" спектаклин кɵрүүчүлɵр «браво!» мактоо сөзү жана кол чабуулар менен тосуп алышты. Аягында, жалпы залдагы кɵрүүчүлɵр кɵпкɵ туруп Назира Мамбетовага кол чабышты.

Маалымат катары: 2021-жылдын 21-29-июнунда Нур-Султан шаарында Казакстандын борборунун күнүндө Казакстандын Эгемендүүлүгүнɵ 30 жыл алкагында Казакстандын Маданият жана спорт министрлиги тарабынан Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан театрларынын катышуусунда чыгармачыл жолугушуулар ɵткɵрүлүп жатат.

Жогоруда атап кеткен мааракеде Кыргызстандан Бакен Кадыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жамааты катышып жатат.

Пикир

Оставить комментарий