• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нур-Султанда “Манас” үчилтигинин бириктирилген варианты казак тилинде жарык көрдү

Маданият 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Нур-Султан шаарында Казакстандын улуттук академиялык китепканасында казакстандык жалгыз манасчы, акын Баянгали Алимжановдун казак тилиндеги “Манас” – “Семетей” жана “Сейтек” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, казак акыны Алимжанов китептин мазмунун түшүнүктүү жана жеткиликтүү кылуу, ага окурмандардын, айрыкча казакстандык жаш муундун көңүлүн буруу максатында “Манас” эпосуна “Семетей” жана “Сейтек” бөлүмдөрүн бириктирген.

2020-жылы манасчы Б. Алимжанов “Манас” эпосун казак тилине которуп, бет ачарын өткөргөн.

Эскерте кетсек, 2021-жылы “Манас” эпосун Казакстан Республикасына жайылтууга, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда маданий кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн КР президенти Садыр Жапаров акынды мамлекеттик “Достук” ордени менен сыйлаган.

Пикир

Оставить комментарий