• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нур-Султанда Назарбаевдин айкели орнотулду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Нур-Султандагы Улуттук коргонуу университетине Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин монументи коюлду.

Эстеликтин ачылыш аземине президент Касым-Жомарт Токаев онлайн режиминде катышты. Анын айтымында, айкелдин университетте орнотулушу “терең символикалуу акт” болуп эсептелет. Себеби Казакстандын Куралдуу күчтөрү Назарбаевдин жарлыгы менен түзүлгөн. Ал өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого өзгөчө көңүл бөлгөн.

Назарбаевдин урматына Астана шаары Нур-Султан болуп өзгөртүлгөн. Өкмөт Нур-Султан эл аралык аэропортун дагы мурдагы президенттин атынан койгон. Павлодар, Караганда, Актау, Чымкент, Орол, Атырау, Усть-Каменогорск облустарындагы борбордук көчөлөргө Назарбаевдин ысымы ыйгарылган.​ Казакстанда “Элбашынын” бир нече эстелиги бар, анын сүрөтү ири купюрага түшүрүлгөн.

Казакстанды дээрлик 30 жыл башкарган Назарабаев кийинки аптада 80 жашка толот.

Пикир

Оставить комментарий